69% үстөгү менен насыяны жаап салгым келет
Кыйын турмуштук кырдаалда М банкынан кредиттик карта ачууга туура келди, анткени кредит бербей, бир гана картаны сунушташты. Лимитти 200 000 сомго коюп коюшкан. Азыр банк бир айдын ичинде 150 миң сом төлөөнү талап кылып жатат. Менде мындай акча жок. Айлык акыдан колго тийген 38 миңдин 25 миңи ижара акысын төлөөгө кетет. Түшүнөм, бул менин жеке көйгөйлөрүм, бирок чын жүрөктөн сиздерден жардам сурайм!