Алгачкы машинамды сатып алып, кызым менен саякатка чыккым келет.

18 жашымдан бери машина алууну кыялданчумун, айдоочулук күбөлүгүмдү алгандан баштап эле. Көпкө чейин тандап, бааларды карап жүрдүм, анан эле баалар көтөрүлүп кетти, эми менин каражатым жетпей калды. Машина алууга болгон кыялым кийинчерээк экинчи планга өттү, анткени чоңойгон сайын, иштегени менен акча топтоо кыйын болуп жатты (студент болгондуктан), айлыктын көбү квартиранын арендасына, кызым менен чогуу жашаганга жана ата-энеме жардам бергенге кетет. Бул жайда экөөбүз өзүбүз эле эс алууга баралы деп жатабыз, кереметтүү өлкөбүздүн кооз жерлерин көрүп кайтуу ниетибиз бар. Бирөөнүн машинасын сураганга батына албайбыз, анан да ыңгайсыздык жаратпайлы дейбиз, анткени бир жумадан ашык убакытка сапарга чыгабыз деп пландап жатабыз. Машина алсак, “Volkswagen Passat B5 2002” моделин тандагым келет. Бул машина жөнөкөй, бирок кооз дизайны менен өзүнө тартты. Көптөгөн маалымат окудум, тейлөө жана чыгымдарды эсептеп, ушул моделде токтолоюн деп чечтим. Ооба, машина жаңы эмес, бирок биринчи машинам үчүн абдан эски болбогондуктан туура көрөм. Ким жардам бере алса, чын дилимден ыраазы болот элем.

Кирүү
Сыр сөздү унутуп калдыңызбы?