Карыздарымды төлөп, тынч жашоого жетүүнү каалайм
Мен Руслан, жашым 24тө. Жакында үйлөнүп, үйлөнүү тою жана үйдүн ремонту үчүн тааныштардан акча карызга алгам, акырындык менен төлөп жатам, бирок өткөн жылдан бери жакшы иш табуу кыйын болууда. Жубайым менен мамилебиз дагы карыздардан улам чыңалып турат. Бала төрөгүсү келбейт. “Бардык карыздарды төлө, анан көрөбүз” дейт. Түнү менен уктабайм, бир нерсе кылууга аракеттенем. Жакшыраак иш издеп жатам. Бирок менин ишим азырынча жакшы киреше алып келбей жатат. Ал эми карыздар болсо көбөйүп жатат.