Мен акчаны туура пайдаланганды билбегендиктен, акылсыздык менен алган кредиттеримди жабууну каалайм.
Менде кадимки эле жана жөнөкөй окуя. Ооруп же операция үчүн ири акча керектеген адамдар жок. Мен болгону өз эмгегим менен татыктуу айлык ала баштагам, бирок андай акчаны биринчи жолу көрүп, туура колдоно албай койдум (55000 сом). Ошол эле акылсыздыгымдын айынан 200000 сом кредит алып, эми ал акчаларды төлөй албай, жашоомдон ырахат ала албай жатам.