Кредиттерди жаап, оңдоп-түзөө иштерин баштаганга жардам керек. Абалым оңой эмес, 21-жылдан бери кыйынчылыктар болду. Жумушумду жоготтум, карыздарга жана кредиттерге батып кеттим, эптеп күн көрдүм. 22-жылы чоң энем каза болуп, анын тажыясына кредит алдым, анан үйдүн карыздары бар экени аныкталып, дагы бир кредит алып, төлөдүм. 23-жылы жумуш таптым, кредиттерди төлөп жатам, өзүмдү бардык нерседен чектедим, кудайга шүгүр, азыр бир гана кредит калды. Чоң энемден калган үй эски ремонт менен, начар зымдар. Жок дегенде коммуналдык төлөмдөрдү жабуу үчүн ижарага бергим келди, бирок эч ким жашагысы келген жок. Азыркы учурда жок дегенде минималдуу оңдоп-түзөө иштерин жасағым келет (зымдарды алмаштыруу, ванна жана даараткана оңдоо жана убактылуу бир аз эмерек алуу). Өз үйүмө көчүп барып жашагым келет, ижарада жашабай. Боорукер адамдарды табам деген үмүтүм чоң, мага аз болсо да жардам бере ала турган. Адамдардын күчүнө ишенем. Оңдоп-түздөө иштерине дагы кредит алуу – бул дагы узак убакыт карызга батуу болорун түшүнөм.